Быйыл Нарын облусуна 100 миңден ашуун турист келген

Быйыл Нарын облусуна 100 миңден ашуун турист келген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн кеңешмеде маалым болду.

 

Анда белгиленгендей, быйылкы жылы келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду.

 

Тактап айтканда, 2022-жылдын 9 айында 32 813 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, быйылкы жылдын 9 айында туристтердин саны 100 миң 630ка жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү.