Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда жалпысынан 80 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, учурга карата 50 мамлекеттик дарыкана ийгиликтүү иштеп жатса, 30у жакынкы арада ачылат. Эске салсак, аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү.   Баасы жеке дарыканаларга салыштырмалуу… Кененирээк…

Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлдү

Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлдү.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Бишкек – Ош трассасынын 113-чакырымында бензовоз  бетон тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.   Жол кырсыгынын жыйынтыгында айдоочу жабыркап ооруканага жеткирилди.   Ал эми бензовоздогу 20 тонна бензин дарыяга төгүлдү. Буга байланыштуу Талды-Булак жана Сосновка айылдарына… Кененирээк…

Баткен районунда эски скважиналар оңдолуп, жаңылары казылат

Баткен районунда эски скважиналар оңдолуп, жаңылары казылат.   Иштерди жүргүзүүгө тендерди Самаркандек айыл башкармалыгы жарыялады. Жергиликтүү бийлик Орто-Сай жана Падахана айылдарында скважина бургулоону пландап жатат.   Андан тышкары, Паскы-Арык жана Жаштилек айылдарында дренаждык объектилер калыбына келтирилет. Бул долбоорлорду ишке ашырууга 16 миллион сом каралууда.

Бишкекте көмүрдү кымбат саткандарга айып салынат

Бишкекте көмүрдү кымбат саткандарга айып салынат. Бул тууралуу мэрия эскертет.   Райондук администрация өкүлдөрү жана Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы кара отундун кымбатташына жол бербөө максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.   Бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сом, Кара-Жыра жана Шабыркүл 6… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандап жатат

Кыргызстанда доллар арзандап жатат.   Соңку эки күндө америкалык валютанын куну 30 тыйынга төмөндөдү. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 88 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 50 тыйындан сатышууда.   Ал эми Улуттук банк орноткон расмий курс —  89 сом… Кененирээк…

“Наполеон” тарыхый тасмасынын трейлери жарык көрдү

“Наполеон” тарыхый тасмасынын трейлери жарык көрдү. Видео Ютубда жеткиликтүү. Кино франциялык офицер Наполеон Бонапарттын бийликке келген жолу баяндалат.   Картинанын режиссеру Ридли Скотт, ал эми сценарийди Дэвид Скарпа жазган. Тасмадагы башкы ролдорду Хоакин Феникс, Ванесса Кирби жана Тахар Рахим аткарды. Кино өткөн жылы тартылган, дүйнөлүк… Кененирээк…

Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды

Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды. Эске салсак, Букуев футбол боюнча дүйнө чемпионаттарын тейлеген беттештердин саны боюнча дүйнөнүн абсолюттук рекордчусу болуп саналат.   Анын эсебинде  4 биринчилик бар: Бразилия, Тайланд, Колумбия жана Литвада өткөн дүйнө чемпионаттары.

Өлкө аймагында “Рулда” аталышында рейд жүрүүдө

Өлкө аймагында “Рулда” аталышында рейд жүрүүдө.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 21-ноябрдан тартып декабрь айынын аягына чейин айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, ылдамдыкты ашыра айдаган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 миллиард 298 миллион сом насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 миллиард 298 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыяны республиканын 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрү алды.   Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3 миллиард… Кененирээк…

Президент Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду

Президент Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.   «Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт», — деп айтылат маалыматта.