Зыяратчыларды коштой турган ажы башчылар үчүн сынакка каттоо жүрөт

Зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчылардын сынагына каттоо 2024-жылдын 12-январынан баштап 26-январына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Каттоо облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда болмокчу. 2024-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандоо республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Талапкерлер шарияттагы ажылык маселелер боюнча күч сынашат. Ажы… Кененирээк…

Улуттук банк коллекциялык монеталардын эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялады

Улуттук банк сүрөтчү-дизайнерлер арасында коллекциялык монеталардын эскизин иштеп чыгууга ачык сынак жарыялаганын кабарлады. Эскиздер «Улуу Жеңишке — 80 жыл» жана «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100 жыл» коллекциялык монеталарга жасалышы керек. «Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана берилген темага шайкеш келүү, жогорку… Кененирээк…

Өлкө боюнча административдик-аймактык реформалар башталды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.   30-декабрда чыккан документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон. Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында… Кененирээк…

Улан Сарылбек уулу Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

 Улан Сарылбек уулу Бишкектин Биринчи май районунун акими болуп дайындалганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон. Буга чейин аталган кызматты Мурат Осмонов аркалап келген. Ал райондо интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталгандан кийин жумуштан бошотулган.

Бишкекте жаңы жыл түнү Тез жардам кызматынын 40 бригадасы нөөмөттө турат

Бишкекте жаңы жыл түнү Тез жардам кызматынын 40 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.   Анын айтымында, эртең ошондой эле Ала-Тоо аянтында кечки саат 6дан кийин реанимациялык жана кардиологиялык 2 бригада нөөмөт жүргүзөт.   Адатта 1-январда медициналык жардамга кайрылгандар… Кененирээк…

Кытайда үй жаныбарларына пластикалык операция жасоо популярдуу болууда

Кытайда үй жаныбарларына пластикалык операция жасоо популярдуу болууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, өзгөчө  “Микки Маустукундай кулактар”  тренд болуп жатат.   Бул процедуранын алкагында мышык, иттердин кулактарынын формасы Дисней каарманыкындай тоголок кылып жасалат. Операциянын баасы 4 миң сомду түзөт.

Жаңы жылдын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө

Жаңы жылдын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө.   novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, шаар мэрлерине жана соода борборлорунун жетекчилерине расмий каттар жөнөтүлгөн.   Инспекторлор эскертет: салют жана фейерверктер атайын белгиленген жерлерде гана сатылышы керек.

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери жүрүүдө.   Жумуштарды “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы аткарууда. Мэрия маалыматына ылайык, дарыя нугун тазалоого атайын техника жана адистер тартылды.   Иштер дарыяларда тоңгон муз суу ташкындоого алып келбеши үчүн жасалып жатат.

Бишкекте  жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкекте  жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Иш-чара бүгүн жана эртең уланат.   Жарманке саат 10дон кечки 5ке чейин болот. Анда шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор билдиришкендей, аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороон болуп, көрүү начарлагандыктан, аварияларды алдын алуу максатында чоң унаалар өткөрүлбөйт.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткандарга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү… Кененирээк…