Бишкектеги Ала-Тоо аянты бүгүн унаа кыймылына жабылат.
Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу кабыл алынды. Мэриядан билдиришкендей, аянт бүгүн күндүзгү саат 3төн таңга чейин жабык болот.
Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.