«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароол тургай жай реконструкцияланып бүттү

«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароол турган жайды реконструкциялоо иштери соңуна чыкканын мэрия билдирди.

 

Маалыматта кабинага инфракызыл жылыткыч орнотулуп, пол жылууланганы, килемдер алмаштырылып, башка айнек коюлганы айтылат. Мындан тышкары, тосмолор сырдалып, элементтер алмашкан. Кабинанын өзүнө өлкө гербинин сүрөтү түшүрүлдү.
Аталган жай демөөрчүлөрдүн эсебинен 1 млн 345 миң 500 сомго жасалган.
Ардак кароо үчүн жайды реконструкциялоо чечими мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев муниципалитетке гербди жана Ардак кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылгандан кийн кабыл алынган. Ал аталган жай эскирип, гербдин сүрөтү да өчүп баратканын айткан.
«Бишкек башкы архитектура» ишканасы аталган жайды реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыялаган. Бирок катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес. Буга байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев ишканага кайрадан тапшырма берип, жыйынтыгында Ардак кароол үчүн жылытуу шарттары бар жаңы кабинанын дизайны иштелип чыккан.