Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары дагы кеңейет

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.
Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:

Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;

Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;

Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.

1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.