Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоого Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар бөлүп берет

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоого Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорго президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Эске салсак, сауд арабиялык донорлордон тышкары, жолду калыбына келтирүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар жана Эл аралык өнүктүрүү фонду    15 миллион доллар бөлүп берет. Андан тышкары, 10 миллионду Кыргызстан өзү чыгарат. Суусамыр – Талас – Тараз жолунун оңдоло турган тилкесинин жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт.