Туристтик ишкердүүлүктөн түшкөн салык 1 миллиард сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейинки маалымат менен Туризм департаменти бөлүштү.
Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында бул көрсөткүч 900 миллион сомду түзгөн болчу. 2022-жылы ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 3 пайызга жеткен. Бул жылга жыйынтык чыгарыла элек. Кошумчаласак, жыл башынан бери өлкөгө 6 миллион турист келген.