Кыргызстанда быйыл 79 мектеп жана 8 бала бакча курулду

Кыргызстанда быйыл 79 мектеп жана 8 бала бакча курулду. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Ал белгилегендей, 2022-жылга салыштырмалуу, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган балдардын көрсөткүчү 2,5 пайызга көбөйдү.

 

Андан тышкары, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги 36 бала бакча ачылган.

 

Жалпысынан, өлкөдө бөбөктөрдү толугу менен мектепке чейинки билим берүү менен камтуу үчүн 2,5 миң бала бакча ачуу керек, — деди министр.