Коррупция, алдамчылык беренелери боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралууда

Коррупция, алдамчылык беренелери боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралууда.   Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү.  Документте материалдык зыяндын ордун толтурбаса ишти кыскартууга да жол бербөө сунушталган.   Белгилеп кетсек, учурда зыяны азыраак болсо 2 жыл, кесепети оор деп бааланса 10 жылдан кийин мындай… Кененирээк…

Бишкекте айланасын кардан тазалабаган мекемелерге айып салынат

Бишкек мэриясы 8-декабрдан 11-декабрга чейин шаардагы имараттардын айланасын кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд жүргүздү. Анын алкагында 200дөн ашык мекеме-уюм боюнча 48 буйрук чыкты.   Мэрия бардык министрлик менен ведомстволор, ишканалар, соода борборлору, дүкөндөр, күркөлөр жана башка уюмдар имаратынын жанындагы аймактарды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү… Кененирээк…

Бишкектеги ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар түштү

13-декабрда Бишкек шаарындагы №2 ооруканага бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканадагы бейтаптар менен кызматкерлер эвакуацияланып жатат.   Маалыматка ылайык, алар оорукананын жанындагы Кыргыз улуттун консерваториясынын имаратына жайгаштырылууда. Министр Алымкадыр Бейшеналиев эвакуациялоо иштерин көзөмөлдөп жатканы айтылды.… Кененирээк…

Кыргызстанда мектептер аптанын аягына чейин онлайн окумай болду

Кыргызстандагы мектептердин баары 15-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт. Бул боюнча Билим берүү илим министрлигинин тиешелүү буйругу чыкты.   Ведомствонун маалыматына караганда, мындай чечим өлкөдөгү суук аба ырайына байланыштуу балдардын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.

Бишкек шаарындагы линияларга кошумча 50 автобус каттамга чыгарылды

Бишкек шаарындагы линияларга кошумча 50 автобус каттамга чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Муну менен линиядагы автобустардын аралыгы 7-8 мүнөттү түзөрү айтылды.   Буга чейин айрым жүргүнчүлөр автобустарды узак убакытка күтүп жатканына даттанышкан.   Белгиленгендей, ордо калаада кошумча чыгарылган транспорттор менен автобустардын саны 500гө жетти. Апта… Кененирээк…

Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Мелс Аттокуров Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, Мелс Аттокуров буга чейин кызматтан бошотулган Заир Чокоевдин ордуна дайындалды.

Бийлик “Алга кадам” ирригациялык каналын курууга дагы 100 млн сом бөлөт

Бийлик “Алга кадам” ирригациялык каналын курууга дагы 100 миллион сом бөлөт.   Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткендеги каналдын жалпы узундугу дээрлик 25 километр болот. Ал үч тоннелден турат жана жетүүгө кыйын аймактагы 4 миң гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыз кылат.   Долбоордун… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды

Кыргызстанда айрым жолдор убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү, Боз-Шахта-Жыргалаң аймагы, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк-Ашуусунда бардык унаалардын каттамына чектөө коюлду.   Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолун тазалап жатышат.   Ал эми Сосновка посту, Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды

Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарандарды алардан батир албоого чакырды.   Тизмеде салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.   Алардын сүрөттөрү мекеменин Фейсбук баракчасында… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү макулдашууга кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, каражат Бишкекте абанын булганышын алдын алуу, шаарды жашылдандыруу, жылытуу үчүн экологиялык чечимдерди кабыл алуу багытына жумшалат.   Белгилеп кетсек, Бишкек соңку жылдарда кыш түшкөн сайын дүйнөдөгү… Кененирээк…