Бишкек мектептери 15-декабрга чейин онлайн форматка өттү

Бишкек мектептери 15-декабрга чейин онлайн форматка өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Анын ортосунда бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Бирок ата-энелер өз каалоосу менен балдарын үйдө алып калса болот.

 

Белгилеп кетсек, бүгүн мектептер онлайн окутууга өткөндүгү боюнча маалымат эртең менен эле, биринчи сменада окугандардын көбү мектепке келип алгандан кийин, белгилүү болду.

 

Ата-энелердин көбү буга нааразы болууда. Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева түшүндүргөндөй, катуу суук тууралуу маалымат кеч түштү. Анын үстүнө чечимди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана санэпидем көзөмөл станциясы менен макулдашуу керек болду.