Кыргызстандагы суу чарба объектилериндеги капиталдык оңдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Кыргызстандагы суу чарба объектилериндеги капиталдык оңдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан калыбына келтирүү жумуштарына республикалык бюджеттен 900 миллион сом бөлүнгөн.

 

Бул каражатка адистер каналдарды, гидротехникалык курулуштарды, насос станцияларын оңдоду.

 

Андан тышкары, коллектор-дренаждык тармактар толугу менен тазаланды.