Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйүүдө.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, жыл башынан бери өлкөгө 7,5 миллион адам келсе, анын 6 миллиондон ашыгын туристтер түзгөн.
Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 700 миң саякатчыга көп. Биздин өлкөгө коноктордун басымдуусу Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келет.