Ордо калаада жеке медициналык клиникаларды жана стоматологиялык кабинеттерди текшерүү иштери жанданат

Ордо калаада жеке медициналык клиникаларды жана стоматологиялык кабинеттерди текшерүү иштери жанданат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, рейддер 15-январдан тарта башталат деп пландалууда.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясы жок иштеп жаткан медициналык мекемелер аныкталат. Андан тышкары, жеке мектептер, бала бакчалар жана коомдук тамактануу жайлар санитардык нормалардын сакталышына текшерилет. Мындай чара инфекциялык оорулардын жайылышына байланыштуу киргизилүүдө.