Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөт

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөт. Каражат “Саламаттыкты сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбооруна багытталат. Программанын алкагында азыркы жана келечекте пландалган инфраструктуралык долбоорлорду аягына чыгаруу каралат.

 

Анын ичинде Бишкек, Ош жана Таластагы перинаталдык борборлор, ордо калаанын кургак учукка каршы ооруканасы бар.

 

Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды.