Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, 100 бөбөккө чакталган объект Арбын айылында жайгашат.

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу 2018-жылы башталган. Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.