Ордо калаанын үй-булөлүк медицина борборлорунун иш убактысы узартылды

Ордо калаанын үй-булөлүк медицина борборлорунун иш убактысы узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти. Бейтапканалар 30-31-декабрда таңкы саат 8ден кечки 6га чейин иштейт.

 

Ошондой эле №3 шаардык балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дарыгерлер күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт.

 

Борбордон эскертишкендей, Бишкекте сасык тумоо жана курч респиратордук вирус күч алгандыктан, иш күндөрү бейтапканалар кечки 8ге чейин ачык болот.