Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан төрт шаардын таза суу системасын жакшыртууга 18,8 миллион евро алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан төрт шаардын таза суу системасын жакшыртууга 18,8 миллион евро алат. Тиешелүү келишимди Жогорку Кеңеш экинчи окууда ратификациялады. Долбоорго Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарлары кирет.   Каражаттын 8 миллиону — кредит, 8 миллиону — грант, калган 2,8 миллиону —… Кененирээк…

Бишкекте муниципалдык автобус, троллейбуска жол кире кымбаттайт

Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоду.   Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.   Жаңы тариф токтом расмий… Кененирээк…

Матрезерв фонду 30,3 тоннадан ашык буудай сатып алды

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан 30 миң 380 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, сатылып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги 23% кем эмес.   Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги отчетторду кагаз түрүндө түзүүдөн баш тартты

Саламаттык сактоо министрлиги отчетторду кагаз түрүндө түзүүдөн баш тартты. Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге маалыматты чогултуу жана талдоо процесстерин оптималдаштырууга, ошондой эле ресурстарды үнөмдөөгө багытталган.   Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, санариптик отчеттуулукка өтүү мекемеге жыл сайын болжол менен 10 млн сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Бишкекте жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды

Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды. Өкмөттөн маалым болгондой, иш-чара 31-декабрга чейин уланат.   Жарманке саат 10дон кечки 5ке чейин болот. Анда шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Салык кызматы келерки жылдан тарта жеринде текшерүүнү токтотот

Салык кызматы келерки жылдан тарта жеринде текшерүүнү токтотот. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Алтынбек Абдувапов билдирди.   Анын айтымында, эреже салык органдарына гана эмес, укук коргоо органдарына да тиешелүү. Бардык жерде мораторий болот. Текшерүү кылмыш иши болгондо гана жүргүзүлөт. Учурда бардык маалыматтар электрондук форматта, анын ичинде… Кененирээк…

Бишкектин башкы балатысы КМШдагы эң бийик балатынын катарына кирди

Бишкектин башкы балатысы КМШдагы эң бийик балатынын катарына кирди. Бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердеги спорт, туризм жана саякат жөнүндө жазган агенттик билдирди.   Маалыматка ылайык, биринчи орунда 44 метр бийиктиктеги балаты менен Ашхабад турат, Бишкек 32 метр менен бешинчи орунда. Ал эми КМШдагы… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда жаңы жети үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды

Быйыл Кыргызстанда жаңы жети үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттамдар Кытайдын Сиань, Чэнду шаарларына, Абу-Даби, Сеулга, Анкара, Баку жана Жиддага аткарылууда.   Бүгүнкү күндө «Манас» аба майданынын маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт. Анын… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстанда 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Айдоочулар Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында этият болушу керек.   Белгиленгендей, жолдор… Кененирээк…