Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кайрадан жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кайрадан жер титиреди. Магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер силкинүүлөрү таңкы саат 4:22де катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Айкөл айылынан 146 чакырым алыстыкта жайгашкан.   Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, кыргыз-кытай чек… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында жана Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда алдыдагы 3 күндө кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү… Кененирээк…

Кыргызстандык аялга Түркияда биринчи пенсия чегерилди

Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсияга чыга алат.   Соцфонддон эске салышкандай, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта эки өлкө ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүндө.   Анын алкагында түрк өкмөтү тарабынан кыргызстандыктардын эмгек тажрыйбасы тууралуу 200дөн ашык сурам жөнөтүлгөн. Айрымдарына жооптор берилди. Келишимге ылайык, кыргызстандык аялга Түркияда биринчи… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Бишкекте жер титирөө учурунда эмне үчүн сирена жаңырбаганын түшүндүрүп беришти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Бишкекте жер титирөө учурунда эмне үчүн сирена жаңырбаганын түшүндүрүп беришти. Ведомство жетекчсинин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, мындай чечим калкты дүрбөлөңгө салбаш үчүн кабыл алынган.   Ал белгилегендей, Кыргызстан аймагында жалпысынан 200дөн ашык сирена орнотулган.   Анын бир бөлүгү совет мезгилинен бери… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 жылда 189 мектеп курулду

Кыргызстанда 3 жылда 189 мектеп курулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, дагы 43 мектепте капиталдык оңдоо иштери аткарылган.   Андан тышкары, 4 билим берүү мекемесинде кошумча корпустар курулса, тогузунда жаңы спорт залдар пайда болду. Министрликтен кошумчалашкандай, өлкө эгемендүүлүгүнүн тарыхында алгачкы жолу… Кененирээк…

Сауд Арабиянын чөлүндөгү аскадан асылып турган инновациялык стадион пайда болот

Сауд Арабиянын чөлүндөгү аскадан асылып турган инновациялык стадион пайда болот. Ханзаада Мохаммед бен Салмандын стадиону 200 метр бийиктикте аскага бекитилип  курулат.   Ал 45 миң көрүүчүнү батырып, футбол, бокс, киберспорт боюнча мелдештерди, концерттерди жана театр көрсөтүүлөрүн уюштурууга ылайыкташат. Кызыгы, стадион колдонууга берилгенден кийин, абаны салкындатуу… Кененирээк…

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Монуев көчөсүн “Кыргыз көчү” аркасынан Масалиев проспектисине чейинки бөлүгүн реконструкциялоо жана Монуев, Шакиров, Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде транспорттук түйүн куруу пландалууда.   Учурда калк арасында түшүндүрүү, тоскоолдук жараткан объектилерди түрттүрүү иштери жүрүп… Кененирээк…

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынды.   Президент кол койгон документке ылайык, күбөлүк мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн социалдык макамын ырастоочу документ катары да колдонулат.   Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу болот, мамлекеттик медициналык… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 9,6 миллиард кубометрге түшүп калды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 9,6 миллиард кубометрге түшүп калды. Маалымат “Электр станциялар” сайтында жарыяланды. Компания маалыматына ылайык, резервуарга суу секундасына 148 куб деңгээлинде агып кирсе, чыгымы дээрлик 4 эсе жогору болуп, 696 кубка теңелүүдө.   Белгилеп кетсек, Токтогул суу сактагычында декабрь… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы лицензиясы жок иштеп келген 212 жеке клиниканы аныктады

Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы лицензиясы жок иштеп келген 212 жеке клиниканы аныктады. Бул тууралуу “Кабарга” ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Объектилердин тизмесинде стоматологиялар, косметологиялар, процедуралык кабинеттер, дарыкана түйүндөрү жана башка профилдик медициналык жайлар бар.   Лицензиялык талаптарды бузуп, санитардык режимди сактабагандыгы үчүн жалпысынан 1… Кененирээк…