Бишкек шаардык милициясына электромобилдер тапшырылды

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль автоунаасы тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Унааларды шаардык милицияга Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун катышуусунда салтанаттуу тапшырган.

 

Электромобилдер Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында берилгени айтылды.