Кыргызстанда бир нече күн жана шамал станциялары курулат

Кыргызстанда алты шамал жана тогуз күн станциялары курулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, бул объектилердин курулушу менен өлкөдө электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу жылына 16 млрд кВт сааттан ашык өсөт. Бирок бул жумуштар качан ишке ашары такталган жок.