Кыргызстанда суу эсептегичтерди бардык жерге орнотуу пландалууда

Кыргызстанда суу эсептегичтерди бардык жерге орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын адиси Таалай Бозгунчиев билдирди.

 

Анын айтымында, суунун эсебин жүргүзүү жана сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү мерчемделип жатат. Бул заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

 

Бирок бул идея качан ишке ашары азырынча белгисиз. Учурда эсептегичтерди киргизүүнү камтыган суу боюнча маалымат системасы иштелүүдө.