Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун алкагында бүгүн Оман командасына каршы ойнойт
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун алкагында бүгүн Оман командасына каршы ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да башталат. Оюнду кувейттик калыс Ахмад Алали тейлейт. Эске салсак, биздин курама континенталдык турнирде F тайпасында чыгып, буга чейин Сауд Арабия жана Тайландка утулуп калган.