Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады. Ведомство 2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу келишими күчүнө киргенин эскертет.

 

Документке ылайык, жумушчулар — ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен байланыштуу пенсиялык укугу бар же болгон Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун жарандары саналат.