Бишкекте №46 автобус каттамы жабылат

Бишкекте эртең, 27-январдан тарта №46 автобус каттамы жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды.

 

Белгиленгендей, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, өз чыгымдарын жаба албай калган.