Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош трассасынын  209-225-чакырымдары кардан тазаланып, инерттүү материал себилүүдө.   Өтмөк, Чоң-Ашуу, Чапчыма, Долон ашуулардын атайын техника жана жолчулар тынбай иштеп жатат. Кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулган, унаа кыймылында чектөөлөр жок.   Тоолуу аймактарга… Кененирээк…

Кыргызстан менен беттештен кийин Омандын машыктыруучусу иштен алынды

Футбол боюнча Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванкович Кыргызстан менен беттештен кийин кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Омандын Футбол федерациясы кабарлаган. Кечээ кечинде Кыргызстан менен Оман курама командалары беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Мындай жыйынтык эки команданы тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, мелдештен четтетти. Оюндан… Кененирээк…

“Улуттук электр тармактары” туумду эсептен чыгаруу акциясын 31-январга чейиин улантат

“Улуттук электр тармактары” туумду эсептен чыгаруу акциясын 31-январга чейиин улантат.   Ишканадан билдиришкендей, акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл.   Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктаган соң, 31-январдан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып,… Кененирээк…

Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 257 миллиард 781,8 миллион сомду түздү

  Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 257 миллиард 781,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.   Белгилеп кетсек, бул рекорддук көрсөткүч. Буга чейинки рекорд 253,4 миллиард сом болуп, былтыр ноябрь айынын аягында катталган. Эгер 2022-жылдын соңундагы көрсөткүчтөргө салыштыра турган… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир нече ирет жер силкинди

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө уланууда.   Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, күн мурун күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган компания аныкталды

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган чет өлкөлүк Monto Corporation компаниясы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.   Маалыматка ылайык, аталган компания Словакияга автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна кыргызстандыктарды жөнөтүп турган. «Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Малайзиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 15 квота бөлүнөт

Өлкөдөгү эң эски Малая университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, Лира Самыкбаева университеттин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынан келген студенттерди окутуу жана биздин өлкөдө кампус куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.   Ошондой эле министрдин орун басары English Learning Center англис тилин окутуу борборунда билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу… Кененирээк…

Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127,4 млрд сомду түздү

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 127 миллиард 413,6 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.   Эки айдын ичинде бул көрсөткүч 348,9 миллион сомго өскөн. 2022-жылы алтын активдеринин деңгээли 1,5 эсе аз болгон. Улуттук банктагы монетардык эмес жана алтын түрүндөгү… Кененирээк…

Эртең, 27-январь, ишемби жумуш күнү болот

Эртең, 27-январь, ишемби жумуш күнү болот.   Бул күнү 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар 3-январдагы дем алыш үчүн ишке чыгат. Андан тышкары, 2-март жана 2-сентябрга туура келген ишембилер жумуш күнү болот.   Бул күндөр үчүн 4-5-январда жаңы жылдык узак эс алуулар киргизилген болчу.

ПСЖнын франциялык чабуулчусу Килиан Мбаппе кийинки карьерасы менен аныкталды

ПСЖнын франциялык чабуулчусу Килиан Мбаппе кийинки карьерасы менен аныкталды.   Азыркы сезондун аякташы менен ал “Реал Мадридке” өтөт. Өзүнүн чечими тууралуу ал февраль айында расмий жарыялайт.   Учурда ал ПСЖдагы соңку беттештерин, машыгууларын өткөрүүдө. Мбаппе которулганга чейин париждик клубдун курамында Чемпиондор лигасын жеңип алууну пландап… Кененирээк…