Энергетика министрлиги кытайлык компания менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Анын алкагында Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын жана Кара-Кече жылуулук станциясын куруу пландалууда.
ГЭСтин каскады жалпы кубаттуулугу 1 миң 305 мегаватт болгон үч гидроэлектростанциядан турат. Нарын облусунда жайгашкан Кара-Кече жылуулук станциясынын долбоордук кубаттуулугу 600 мегаватт болот.
Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү азырынча айтыла элек.