Кезектеги мамлекеттик дарыкана Кара-Көл шаарында ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Эл аман” дарыканасында медициналык препараттардын 1 миңден ашык түрү жеткиликтүү.
Аларды тургундар жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып алса болот.
Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 59га жетти. Жалпысынан өлкө боюнча 100 дарыкана ачуу пландалууда.