Кыргызстанда жаңы сейсмологиялык карта түзүлөт

Кыргызстанда жаңы сейсмологиялык карта түзүлөт. Бул тууралуу  Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

 

Анын айтымында, сейсмологиялык аймактар жыл сайын өзгөрүп тургандыктан, Илимдер академиясына каражат бөлүнүп, жаңыдан изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, 23-январга караган түнү Кыргызстанда жер титиреди.

 

Андан кийин Мамлекеттик курулуш агенттигине 100дөй кайрылуу келип түшкөн.