Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт

Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт.

 

1.Кыргызстандын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпанеек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК Полиси:

— 12 календардык айга — 1 840 сомду түзөт (1 722 сом болгон).

 

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдар үчүн нарктын өлчөмү Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу өткөн календардык жылда Кыргызстанда түзүлгөн социалдык-демографиялык топ үчүн жашоо минимумуна жараша жүргүзүлөт (жылдын 15-январынан кечиктирилбестен).

2. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

 

— 6 календардык айга — 5 955 сом (8 196 сом болгон),
— 12 календардык а йга — 11 910 сом (16 391 сом болгон)

 

3.Кыргызcnстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

— 12 календардык айга — 11 910 сомду түзөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жактар ​​үчүн нарктын өлчөмү отчеттук жылдан кийинки жылдын июнь айында Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталган өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысына негизделет.