Ордо калаада жаңы бала бакча ачылды. Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп, 220 орунга чакталат. Бала бакчада бөбөктөргө бардык шарттар каралып, ал тиешелүү эмеректер жана материалдар менен камсыздалды.
Курулушка каражат президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн.