Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу уланууда.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен долбоордун экинчи этабы ишке ашырылып баштады.

 

Анын алкагында Балыкчы шаарынын жана Түп, Ак-Суу райондорунун тургундарына жаңы эсептегичтер орнотулат. Жалпысынан 8 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Жыл аягына чейин облустун бардык аймагы камтылат.