«Айыл чарбасын каржылоо – 12»: Быйыл дыйкандарга 7 млрд сом насыя берилет

Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды. Аны ишке ашырууга мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол союзунун президентин шайлоо февралда болот

Кыргызстандын футбол союзунун жаңы президентин шайлоо 19-февралга белгиленди. Азыркы президент Медер Сыдыков кечээ кызматтан кетерин билдирген.   Ошондой эле аткаруу комитетинин бардык курамынын ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.   Кошумчаласак, Сыдыков Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилигине 2021-жылдын октябрында шайланган.

Тамеки тарктандар Кыргызстандын бюджетин 8 млрд сомго толукташты

Өткөн жылы Кыргызстандын бюджетине тамеки заттарына акциздик маркаларды сатуудан 8 миллиард сомдон ашык киреше түштү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул бир жыл мурункуга караганда 2,5 миллиардга көп.   Бул сумманын дээрлик бардыгы негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон тамекилерге акциздик салыктан түшкөн. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн тамекиге… Кененирээк…

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таратылууда

Нарында аз камсыз 100 үй-бүлөгө 1 тоннадан ашуун көмүр таратылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, отун кечээ Нарын шаарынын тургундарына жеткирилди. Буга чейин Кочкор, Жумгал, Нарын районунун тургундарына таратылган.   Эми алдыда Ак-Талаа, Ат-Башы райондоруна жеткирүү жагы каралууда.

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 0,26%га өстү. Бул аралыкта интервенция жүргүзүлгөн жок жана ага зарылчылык болгон эмес.   Ал эми былтыр валюта рыногундагы абалдын кескин… Кененирээк…

Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Очогунда күчү 6 магнитудага жеткен Кытайдын аймагындагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, силкинүү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк-чыгышта катталды.   Жердин силкинүүсү Бедел… Кененирээк…

Ошто спорт шаарчасында шарттар жакшырат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүнүн боюнда жайгашкан бир катар спорттук мекемелерге барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Мында шаар башчысы жаңыдан курулушу жүрүп жаткан муниципалдык күрөш залын көрүп, андан ары «Дельфин» бассейнин, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионун, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.   Унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, чечим бүгүн, 30-январдан тарта күчүнө кирет.   Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлдү

Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлдү.   Шаардык кеңеш кабыл алган токтом долбооруна ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен убактылуу 11 сомду түзөт.