Кыргызстанда булут электрондук колтамгасын алуучулардын саны өсүүдө

Кыргызстанда булут электрондук колтамгасын алуучулардын санынын кескин өсүшү байкалууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, колтамганы алуучулардын санынын өсүшү жыл сайын жарандар арасында электрондук форматта мамлекеттик кызмат алууга болгон кызыгуу өсүп жаткандыгы менен байланыштуу болууда.

 

Булут электрондук колтамга жарандын өзүнүн кол койгон колуна барабар жана онлайн режиминде мамлекеттик кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Муну менен бирге салык отчетуна маалымат берүүдө да электрондук колтамганын зарылчылыгы бар.

 

Булут электрондук колтамганы алуунун пайдалуу жактары болуп онлайн режиминде 158 мамлекеттик кызматка жана тейлөө сервистерине болгон жеткиликтүүлүккө ээ болуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда билдирмени онлайн толтуруу, “Балага сүйүнчү” пособиясын, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, транспорттук каражатты кайра каттоо жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик кызматтарды “Түндүк” мамлекеттик порталынан же ошол эле “Түндүк” мобилдик тиркемесинен алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

 

Белгилей кетчү жагдай, “Түндүк” мобилдик тиркемесинде санариптик документтер да жеткиликтүү. Ал документтер Кыргызстандын аймагында юридикалык күчкө ээ.

Алар төмөнкү документтер:

  • ID-карта, айдоочулук күбөлүк,
  • туулгандыгы/өлгөндүгү тууралуу күбөлүк,
  • никени каттоо / никени бузуу тууралуу күбөлүк,
  • транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк ,
  • пенсиялык күбөлүк.

“Түндүк” мобилдик тиркемесин азыркы тапта жүктөп алуулардын жалпы саны – 1 млн 523 миң 330 түздү.

“Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу боюнча төмөнкү статистикалык маалымат сунушталат:

  • Google play – 1 млн 202 миң 061 жүктөп алуулар;
  • Appstore – 321 269 жүктөп алуулар.

2023-жылдан баштап булуттук электрондук кол тамганы онлайн режиминде жана Кыргызстандын чет жердеги мекемелеринде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Төмөнкүдө Кыргызстан боюнча булуттук электрондук колтамгасын берүү боюнча статистикалык маалымат сунушталат:

Жалпы 1 млн 195 миң 66 булуттук электрондук колтамгасы берилген. Анын ичинен:

  • Онлайн режиминде 490 миң 957 колтамга берилди;
  • ТИМ аркылуу 286 колтамга берилди.