Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар. Бул тууралуу Кытайдын элчиси Ду Дэвень Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушууда билдирди.

 

Дипломат белгилегендей, инвесторлорду тартуу боюнча иштер улантылат. Өз кезегинде министр өлкө энергетикасынын потенциалы жана инвесторлор менен иштешүүдө айрым процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөнүн баса белгиледи.