Лионель Месси “Барселона” менен алгачкы келишимге кол койгон салфетка аукционго чыгарылды. Анын баштапкы баасы – 350 миң евро. Уюштуруучулар аны кыйла жогору баага сатууну пландап жатат.
Аукцион мартта өтөт.
Эске салсак, “Барселона” менен Лионель Мессинин алгачкы келишимине 2000-жылдын 14-декабрында кол коюлган. Анда футболчу болгону 13 жашта болчу. Клубдун курамында футболчу көптөгөн ийгиликтерди багындырып, 10 жолу Испания чемпиону аталган.