Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады

Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурга карата муздак суу жана агынды суусу үчүн тариф күнүнө 35 литрден 170 литрге чейинки нормада эсептелет.

 

Ордо калаа бийлиги бардык керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү эсепти киргизүүнү сунуштап жатат – бир адамга суткасына – 350 литрден. Мындай чечим менен мэрия жарандарды үйлөрүндө эсептегичтерди орнотууга үндөө ниетинде.

 

Суу колдонуу нормасы жана тарифтер төмөн болгондуктан, жеке сектордун жашоочулары таза сууну үнөмдөбөйт, —  дешет мэриядан.