Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды

Бүгүн, 1-февралда, Кыргызстанда алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

 

Маалыматка караганда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө жасалган операцияга министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү катышкан.
«Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу үчүн операция жасалып, андан соң бейтапка көчүрүлгөн. Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимацияда жатып, трансплантология бөлүмүнө которулушат», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 2024-жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча 50 операцияны акысыз жасоо пландалып жатканын кабарлады.