Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары бүгүн жана эртең Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Сары-Таш – Доорот-Коргон – Карамык жана Красная Горка – Акташ унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.