Кыргызстандыктарга май айынан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, өзгөртүлгөн туу түшүрүлгөн улуттук паспорттор 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталардын жана 2020-жылкы жалпы жарандык паспорттордун бланктары аяктагандан кийин берилип баштайт.