Бишкек ЖЭБинде авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда

Бишкек ЖЭБинде авариянын кесепетин жоюу иштери уланууда.

 

Бул тууралуу жылуулук-энерго борбордун башкы инженери Нурлан Күлжыгачевге шилтеме келтирип республикалык медиаштаб маалымдайт.

 

Учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 мегаватты түзсө, суунун табы 61 градустан 70 градуска чейин жетүүдө. Бүгүн шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук толугу менен берилет. Андыктан, “аристон” сыяктуу суу жылыткычтарды өчүрүп, батареялардагы абаны чыгаруу сунушталат.