Жергиликтүү сотторго сегиз судья дайындалды

 Жергиликтүү сотторго сегиз судья дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. «Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген… Кененирээк…

Баткен шаарында “акылдуу эсептегичтер” орнотулуп баштады

Баткен шаарында “акылдуу эсептегичтер” орнотулуп баштады. “Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, заманбап шаймандар 7 миң 500 абоненттин үйүндө пайда болот.   Андан кийин “акылдуу эсептегичтер” Баткен облусунун аймагында орнотулат.

Бүгүн Бишкек батирлеринин бардыгында ысык суу пайда болот

Бүгүн Бишкек батирлеринин бардыгында ысык суу пайда болот. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.   Анын айтымында, туура эмес коштуруу же “Аристон” сыяктуу суу жылыткычтар өчүрүлбөй калышына байланыштуу айрым бузуулар орун алышы мүмкүн. Бирок адистер кечкиге чейин бардык абоненттерге ысык суу… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу жылуулук жана ысык суу үчүн кайра эсептөө суроосу каралып жатат

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу жылуулук жана ысык суу үчүн кайра эсептөө суроосу каралып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришти.   Учурда адистер абоненттерге ысык суу жана жылуулук берүүнү калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Процесс аяктагандан кийин кайра эсептөөнүн варианттары каралып баштайт.   Эске… Кененирээк…

Ак-Суу райондук эмгек башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ак-Суу райондук башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.   Кырсык бүгүн, 6-январда түнкү 2:00 чамасында болгон.   Өрт убагында өчүрүлгөнү, жабыркагандар жок экени айтылган маалыматта.   Сүрөттөн көрүнүп тургандай, имарат таптакыр жараксыз абалга… Кененирээк…

Кыргызстанда банктардын кирешеси өткөн жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда банктардын кирешеси өткөн жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр банктар 24 миллиард 237 миллион таза киреше алды.   Буга чейин Банктар союзу 2022-жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго жеткенин билдирген.

Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», —… Кененирээк…

Бишкекте тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүргөн завод ачылат

Бишкекте Бишкекте SKY TUNUK холдингинин базасында SKY Industrial Group тазалоочу курулмалардын бардык түрүн өндүрүү жана орнотуу боюнча завод ачылат. Бул тууралуу SKY INDUSTRIAL GROUP’тун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.   Заводдун ачылышы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягына пландалган.   Компания ЕК таза суу ресурстарына көз… Кененирээк…

Кыргызстандык шахматчылар эл аралык турнирде алтын жана коло медаль алышты

Кыргызстандык Элдияр Орозбаев менен Асылбек Абдыжапар шахмат боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Ага ылайык, СССРдин биринчи спорт чебери Юрий Никитиндин жаркын элесине арналган турнир Казакстандын Павлодар шаарында өткөн. Мелдешке Россия,… Кененирээк…

Гонконгдо каржы адиси 25 миллион долларды шылуундарга которуп берип койду

Гонконгдо каржы адиси 25 миллион долларды шылуундарга которуп берип койду. Эркекке алгач Улуу Британия корпорациясынын директорунан билдирүү келип түшкөн.   Ал ага жооп бербей койгондон кийин видеоконференцияга кошулууга шилтеме келген. Андан кийин ал ишенип, чоң сумманы белгисиз эсепке которгон. Бирок кайра корпорация менен байланышканда, алданып… Кененирээк…