Кара-Суу районунун Зарбалик айылында 375 орунга эсептелген мектептин ачылыш аземи өттү

Кара-Суу районунун Зарбалик айылында 375 орунга эсептелген мектептин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышты.

 

Мектептин курулушу  2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн. Жаңы окуу имаратында компьютер кабинети, заманбап воркаут аянтчасы, ашкана, спорт жана акты залдары бар.