Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар боюнча абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 29-январдан 4-февралга чейин республика боюнча 7 миңден ашык учур катталды.
Бул өткөн жумага салыштырмалуу 10 пайызга аз. Ооруга чалдыккандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө уланууда.