Ошто Токтогул Сатылганов атындагы парктын жайкы театры оңдолуп жатат

Ошто Токтогул Сатылганов атындагы парктын жайкы театры оңдолуп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер апрелде жыйынтыкталат. Белгилеп кетсек, объект “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбооруна кирет.   Программа шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнү камтыйт. Долбоорду Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен мэрия ишке ашырууда.

Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка тариф саясаты кайра каралат

Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка тариф саясаты кайра каралат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, азыркы тариф талаптарга жооп бербегендиктен, өзгөртүү киргизүүгө муктаж. Чоң үйлөргө энергия өз баасында берилсе, аз камсыздалгандарга социалдык коргоо нормаларына жараша тариф бекитилет.   Чиновник… Кененирээк…

Бишкектин мектептери жана бала бакчалары 7-февралдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт

Бишкектин мектептери жана бала бакчалары 7-февралдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.   Медиа штабдан билдиришкендей, жылуулук берүү турукташканына байланыштуу билим берүүнүн кадимки тартиби жанданып, окуучулар парталарга кайтып келет.   Эске салсак, ЖЭБдеги аварияга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга бардык мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.   Ал эми бала… Кененирээк…