Бишкек Жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү жумуштары аяктады

Бишкек Жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү жумуштары аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды сордуруу, курулуш калдыктарынан тазалоо жана имаратты жылуулоо иштери жүрдү. Мындан сырткары, атайын даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБ чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөштү.

 

Учурда өрттүн себептери такталууда.

 

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Кырсыктан беш кызматкер жабыркап, ооруканага түшкөн. Азыр алардын экөө Түркиянын Адана шаарындагы ооруканада дарыланууда.