,bkb
Бишкек шаарындагы №16 китепкананын жаңыланган имаратынын ачылыш аземи өттү. Парламенттен билдиришкендей, аталган китепкана борбор калаадагы Б. Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясынын эски корпусунда ачылды.
Имаратты оңдоо иштерине Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүнүп берилген. Жаңыланган китепканада 18 миңден ашык китеп фонду бар.