Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияга сезондук жумушка баруу үчүн арыз берди. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, мындай сандагы адамдар 7 сааттын ичинде эле катталган.
Алардын айрымдары оператор тарабынан тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өттү. Бул форманы толтуруунун тууралыгын, электрондук почтанын болушун жана башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.