Кыргызстанда ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 19 миңдей адам кезекте турат

Кыргызстанда ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 19 миңдей адам кезекте турат. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө МИК тарабынан дээрлик 16 млрд сомго 9 миңден ашык насыя берилди. Учурда кезекте 18 миң 966 жаран турат.

 

2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделүүдө, — деди Шыкмаматов.