Эми республикада курулуп жаткан бардык объектилерди картадан көрүүгө болот

Эми республикада курулуп жаткан бардык объектилерди картадан көрүүгө болот. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, ведомство санариптештирүү багытында эки долбоорду ишке ашырды. Ага ылайык, агенттиктин сайтынан кайсы курулуш компанияларынын лицензиясы бар экенин жана аны качан алганын көрсө болот.

 

Порталда ошондой эле өлкөдө курулуп жаткан үч миңге жакын имарат көрсөтүлгөн. Андан курулуштун мыйзамдуулугун билүүгө болот.